World News in Kyrgyz

Львовдогу жардырууда полиция кызматкери мерт болуп, 14 киши жараат алганы кабарланды

Львов шаарынын мэри Андрей Садовой жекшембиге караган түнү шаарда теракт болгонун билдирди. Мунун алдында полиция шаарда жардыруу болгонун, окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлери жабыркаганын маалымдаган.

Садовойдун ырасташынча, 23 жаштагы айым полиция кызматкери мерт болуп, кеминде дагы 14 киши жараат алып ооруканага жеткирилди.

Львов облустук прокуратурасы жардыруунун айрым жагдайы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, жергиликтүү убакыт менен 00:30да полицияга шаардын борбордук көчөлөрүнүн бириндеги дүкөндө уурулук болгону тууралуу кабар түшкөн.

“Патрулдук полиция кызматкерлери айтылган дарекке келгенде жардыруу болгон. Экинчи экипаж барганда жардыруу дагы кайталанган",-деп жазылган маалыматта.

Прокуратура буга байланыштуу кылмыш ишин козгоп тергей баштады.

Кол салууга байланыштуу эч ким жоопкерчиликти ала элек.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Читайте на сайте