Депутат Кундузбек Сулайманов мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды
Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Боршайком ырастап, арыз 23-февралда караларын айтты.
Кундузбек Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын адамдардын бири.
3-февралда президент Садыр Жапаров айдоочуларды даярдоо боюнча жаңы өзгөртүүлөрдү сынга алган депутаттарды айыптап, “популизмден алыс болууга” чакырган.
4-февралда парламенттин жыйынында Кундузбек Сулайманов менчик автомектептердин маселесин айткан депутаттардын аракети популизм эмес экенин билдирген.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун аны кызматтан алуу чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. 13-февралда ал Бишкекке кайтып келип, 17-февралда кайра чет жакка чыгып кетти. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган жок.
Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Камчыбек Ташиевди кабыл алганын, ал мамлекеттик кызматка барбай турганын айткан.
Камчыбек Ташиевдин отставкасынан кийин ага жакын санаалаш делген министрлер, мамлекеттик кызматкерлер жумуштан алынды. (BTo)