World News in Kyrgyz

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан, кар жаайт

23-февралдан 26-февралга Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордогу ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

24-февралда түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу аймактарда кар жаайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.

Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз 0…2° жылуу болот.

Читайте на сайте