World News in Kyrgyz

Жогорку Кеңештеги эки тармактык комитеттин төрагалары кызматын тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаты Болотбек Борбиев Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагалыгын тапшыруу жөнүндө арыз жазды. Бул тууралуу парламент төрагасы Марлен Маматалиев 25-февралдагы жыйында билдирди.
Мындан тышкары Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы Гүлсүнкан Жунушалиева да арыз жазганы белгилүү болду.
“Бүгүнкү күн тартибине жаңы жетекчилерди кароо боюнча да маселелерди карап койсок. Ал үчүн депутаттык топтор сунуштарыңыздарды даярдасаңыздар. Курманкул Зулушев, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезексиз жыйынын өткөрүп берсеңиздер”, - деди Маматалиев.
Комитет төрагаларынын эмне себептен кызматтан кеткени расмий айтылган жок. Бул соңку апталардагы парламенттеги алгачкы өзгөрүү эмес.

12-февралда Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетип, ордуна Марлен Маматалиев шайланган. Андан бери эки депутаттык топтун төрагалары алмашып, үч депутат мандатын тапшырды. Алардын көпчүлүгү 10-февралда кызматтан кеткен Камчыбек Ташиевдин жакын адамдары катары сыпатталып келген.
Жогорку Кеңештин 90 мандаттуу VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Парламентте сегиз тармактык комитет, беш депутаттык топ бар.

Читайте на сайте