World News in Kyrgyz

Жогорку Кеңеш министр кызматына Акунбеков менен Осмоновдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 25-февралдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу Эрлист Акунбековдун жана саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамирбек Осмоновдун талапкерлигин карап, бир добуштан макулдугун берди.

Жалпы отурумга чыгарылганча, министрлердин талапкерлиги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде каралып, колдоо тапкан.

42 жаштагы Эрлист Акунбеков кесиби боюнча экономист. Буга чейин Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Ош филиалында иштеген. Кийин ишкердик менен алектенген. 2014-жылдан бери Кыргызстандын жер семирткич ташуучулар ассоциациясынын төрагасы.
42 жаштагы Дамирбек Осмонов 2005-жылы Түркиянын Хажеттепе университетинин медицина факультетин аяктаган. 2006-2012-жылдары Стамбул шаарында медициналык госпиталдарда кардиолог болуп иштеген.
2012-2015-жылдары Алматы шаарындагы Сема госпиталында кардиолог болуп эмгектенген.
2016-жылдан бери Кыргызстандагы “Бикард” клиникасында башкы дарыгер болуп иштеп келген. (ZKo)

Читайте на сайте