World News in Kyrgyz

Депутат Жороев Чыңгыз Ажибаев боюнча маалыматтарды текшерүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев төраганын биринчи орун басары Чыңгыз Ажибаев боюнча укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүшү керектигин айтып чыкты.

Бул тууралуу 26-февралдагы парламент жыйынында сүйлөп, коомчулукта Ажибаевдин атасынын кылмыштуу дүйнөгө тиешеси бар экени боюнча маалыматтар тарап жатканын белгилеген.

“Мындай маалыматтар коомчулукту дүрбөлөңгө салып гана тим болбостон, бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин депутаттык корпусунун аброюна олуттуу көлөкө түшүрүп жатат. Ушуга байланыштуу айтылып жаткан маалыматтарга тиешелүү органдар тарабынан мыйзам чегинде укуктук баа берилиши керек деп эсептейм. Эгерде көрсөтүлгөн жагдайлар такталса, мамлекеттик бийликке болгон элдин ишенимин сактоо үчүн депутат өзүнүн кызмат орду гана эмес, мандаты боюнча да тийиштүү чечим кабыл алынышы керек”, - деди Жороев.

Депутаттын айыптоосу боюнча Чыңгыз Ажибаев комментарий бере элек.

Мунун алдында төрага Марлен Маматалиев Ажибаев өз арызынын негизинде биринчи вице-спикерлик кызматты тапшырганын жарыялаган.

Чыңгыз Ажибаев жана Исманали Жороев да былтыр парламенттик шайлоодо №1 шайлоо округунан келген.

Ажибаев былтыр 17-декабрда парламент төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланган. Ал 2021-жылы №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп келген

Анын атасы Ильяскожо Ажибаевдин кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланып, коомчулуктун талкуусуна түшкөн. УКМК кылмыштуу топтон баш тарттыруу иштери жүргөнүн кабарлап, алардын катарында Ажибаев да болгон.

Чыңгыз Ажибаев жакындарынын криминал менен байланышы тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Читайте на сайте