World News in Kyrgyz

Фейсбуктагы пикири үчүн соттолгон Жээнтаевге апасынын жаназасына баруусуна уруксат суралууда

Бишкекте эркин гезит дизайнери болуп иштеген, социалдык тармактагы пикири үчүн камалган Эрнис Жээнтаевдин апасы каза болду, жакындары ага энесинин жаназасына катышып, топурак салуусуна уруксат берүүнү суранып жатышат.
66 жаштагы эне 27-февралга караган түнү узак оорудан улам көз жумду.

Жээнтаевдин бир тууган иниси Эрик Жээнтаев агасына ырайым кылып, камактан убактылуу чыгарып, апасынын тажыясына катышууга мүмкүндүк берүүнү өтүндү. Ал ошондой эле Эрнис Жээнтаев үйдүн улуу уулу, чечим кабыл алуучу адам экенин белгиледи.
Эрнис Жээнтаев өткөн жылдын 10-ноябрында кармалып, быйыл 13-февралда Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен алты жылга абакка кесилген.
Адвокаты Нурбек Сыдыков азыр өкүмдү колуна ала электигине байланыштуу кыйынчылыктар жаралып жатканын белгиледи.
Эрнис Жээнтаевдин апасынын тажыясы Ысык-Көл районунун Темир айылында 28-февралда саат 11:00го белгиленди. Ал уулу кармалып, камалганы тууралуу кабардар эмес болгонун жакындары белгиледи.

Жээнтаев 2-3 гезиттин дизайнери болуп көп жылдан бери иштеп келаткан. Соцтармактагы баракчасында кымбатчылык, “Кумтөр” кенин улутташтыруу өңдүү маселелерге байланыштуу постторду жазып турган. Анын бир иниси жана бир карындашы, жашы жете элек үч баласы бар.
Фейсбуктагы посттору үчүн ал өткөн жылдын соңунда кармалган. Соттук-лингвистикалык экспертиза анын постторунда "жапырт башаламандыкка чакырык бар" деген корутунду чыгарып бергенден кийин милиция эки берененин негизинде иш козгогон. (KS)

Читайте на сайте