Улуттук банк 162 млн долларлык интервенция жүргүздү
Кыргызстандын Улуттук банкы 27-февралда базарга 162,56 млн доллар чыгарды.
Өлкөнүн негизги банкы ушуну менен жыл башынан бери үчүнчү ирет интервенция жасады. Буга чейин 6-февралда 109,95 млн доллар сатылган. Андан мурда 19-январда 134 миллион 50 миң доллар саткан.
2025-жылы өлкөнүн башкы каржылык-банктык тескөөчүсү базарга жалпысынан 853 млн доллар чыгарган. Башка валюта сатылган эмес.
Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенция жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.
Улуттук банктын 27-февралдагы көрсөткүчүнө ылайык, 1 АКШ доллары - 87,45 сом, 1 евро -103,21 сом, 1 рубль = 1,13 сом, 1 казак теңгеси - 17 тыйын, 1 кытай юаны - 12,78 сом турат. (ZKo)