World News in Kyrgyz

Израилдин Ирандын аскер базаларына урган соккусунан 22 жоокер мерт болду

Израилдин Ирандын Илам провинциясындагы Мехран базасына жасаган соккусунан 22 жоокер мерт болду, дагы кеминде 21 киши жараат алып ооруканага жеткирилди.

Бул тууралуу жекшембиде Tasnim маалымат агенттиги кабарлады. Ага ылайык, “бомбалоо менен коштолгон” чабуулда Имам Хомейни аянтындагы Мехран чек ара бөлүгү бутага алынган.

Ал арада Израилде Ирандын ракеталык соккусунан алты адам набыт болуп, дагы 23 киши жараат алды. The Times of Israel басылмасы Тез жардам кызматына шилтеме кылып Бейт-Шемеш шаарына баллистикалык ракета кулаганын жазды.

Өлкөдөгү 9-каналы ракета жер тамга түшкөнүн, “Едино Ахронот” басылмасы соккуга синагоганын жанындагы жай кабылганын кабарлады.

28-феврада Израил менен АКШ Иранга каршы биргелешкен операция баштаган. Тегеран жооп кайтарып, Израилге, Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү АКШнын аскердик базаларын, жайларын бутага алган.

Читайте на сайте