World News in Kyrgyz

Иран: Аятолла Арафи жогорку руханий лидердин милдетин аткаруучу аталды

Иранда шиялардын таасирдүү диниятчысы Алиреза Арафи жогорку руханий лидердин милдетин аткаруучу болуп дайындалганын мамлекеттик ISNA агенттиги кабарлады. Аны көптөн бери аятолла Али Хаменеинин мураскери катары атап келишкен.

Ирандагы диний окуу жайлар тармагын башкарган Алиреза Арафи 67 жашта. Анын атасы Мохаммад Ибрагим Рухолла Хомейнинин (1902–1989) жакын досу, өзү 28-февралда өлтүрүлгөн Али Хаменеинин ишенимдүү өкүлү болгон. Арафи Конституцияны коргоо кеңешине жана жогорку лидерди шайлай турган Эксперттер кеңешине мүчө.

Израил менен АКШ биргелешкен аба соккуларын 28-февралда Иранга жасаган. Тегеран жооп кайтарып, АКШнын аскердик техника, кеме-учактары жайгашкан Бириккен Араб Эмирликтерин, Катар, Кувейт, Израил жана башка мамлекеттерди бутага алган. 86 жаштагы Хаменеи Тегеранга урулган соккуда өлгөн.

Анын өлүмүнө байланыштуу Иранда үч күндүк аза күтүү жарыяланган.

Орусиянын президенти Владимир Путин Хаменеинин өлүмүнөн улам Ирандын президенти менен элине көңүл айтканы Кремлдин сайтында жарыяланды.

Али Хаменеи өлтүрүлгөндөн кийин өлкөнү президент Масуд Пезешкиан, сот бийлигинин башчысы жана Конституцияны коргоо кеңешинин мүчөсүнөн турган топ убактылуу башкарары жарыяланган.

Читайте на сайте