World News in Kyrgyz

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети журналист Болот Темировдун кайрылуусун карайт

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Temirov Livе долбоорунун негиздөөчүсү, Кыргызстандын соту ишмердигин экстремисттик деп тапкан иликтөөчү-журналист Болот Темировдун арызын кабыл алып, ишин карай турган болду.

Бул тууралуу журналист өзү Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Арызды катташты жана биздин бийликке тиешелүү суроолорду жөнөтүштү. Мамлекеттик кызматкерлерден жооп алуунун акыркы мөөнөтү 2026-жылдын 26-августу”, - деп жазды Темиров.

2024-жылдын октябрында Болот Темировго укуктук жардам көрсөтүп келе жаткан юристтер анын атынан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары комитетине даттануу жиберишкен.

47 барактан жана 100дөн ашуун бөлүктөн турган даттанууда журналисттин укугу бузулганы тууралуу далилдер чогултулган. Анда Темировдун сот адилеттигинен пайдалануу, пикирин эркин билдирүү укуктары бузулганы сөз болгон.

Темиров 2022-жылы күзүндө Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган деген айып менен өлкөдөн чыгарылган. Ал өзүнө коюлган айып негизсиз экенин айткан, сот иштерин журналисттик ишмердигине байланыштырган.

Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлоруна тиешеси бар экени айтылган 11 журналистти Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Бул иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Кийинки инстанциялар өкүмдү күчүндө калтырган. Андан тышкары журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы берилген. Калган жети адам акталган.

Ал эми Азамат Ишенбеков 2025-жылы апрель айында президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан.

Махабат Тажибек кызы соттолуп, өлкөдөн күч менен чыгарылган, азыркы тапта чет өлкөдө жашаган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы. Ал Чүйдөгү №2 аялдар абагында жазасын өтөп жатат.

Прокурорлордун өтүнүчү менен былтыр 27-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Temirov Live, “Айт айт десе” жана “Клооп” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын жана алардын негиздөөчүлөрү – журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердигин экстремисттик деп тапты. Иш жүзүндө алардын сайттарынын жана баракчаларынын ишине толук тыюу салынган.

Читайте на сайте