World News in Kyrgyz

Быйыл кыргыз-тажик чек арасынын 270 чакырымына зым тартылат

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына зым тартуу иштери жанданганын президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 2-мартта кабарлады. Маалыматка караганда, ушул тапта Баткен районунун Ууч жерлигинде иш жүрүп жатат. Жалпысынан быйыл облуста кыргыз-тажик чек аранын 200 чакырымына зым тартуу пландалууда. Анын 65 чакырымы Баткен районуна, ал эми 135 чакырымы Лейлек районуна туура келет. Мындан сырткары Тажикстан менен Ош облусу аркылуу чектешкен 70 чакырымы тосулат.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иши Баткендин Лейлек районунун Максат айылынын аймагында жүргөн. Облустук бийлик 2025-жылы чек аранын дээрлик 150 чакырымына зым тартылганын билдирген.

2025-жылы 13-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан.

31-мартта эки президент Тажикстандын Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндөгү протоколго кол коюшкан. Ратификацияланган үч документтин бири кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн суу чарба жана энергетика объектилерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуу болгон.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. Ушул тапта чек арага зым тартуу иштери жүрүп жатат. Мамлекеттик чек араны тактоо иши 2002-жылы башталган. (КЕ)

Читайте на сайте