Казакстан Ирандагы жарандарын Азербайжан, Түркмөнстан жана Армения аркылуу эвакуациялайт
Казакстан Ирандагы жарандарын Азербайжан, Түркмөнстан жана Армения аркылуу эвакуациялоо тууралуу аталган өлкөлөрдүн бийликтери менен макулдашканын билдирди.
Казак жарандарын Иран–Армения чек арасынан тоскоолдуксуз өткөрүү маселеси Ереван менен макулдашылган. Азербайжан да эвакуация маселесинде көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.
Түркмөнстан да казак жарандарын мамлекеттик чек арадан өткөрүүгө көмөктөшөрүн ырастаган.
Буга чейин министрлик дипломатиялык өкүлчүлүктөр туристтик компаниялар менен биргеликте аэропорттордо жана транзиттик аймактарда калган жарандарды жайгаштырууга жардам көрсөтүп жатканын билдирген.
Жакынкы Чыгышта жаңжал башталгандан бери аймактагы көпчүлүк өлкөлөрдүн аба мейкиндиги жабылган.
Учак каттамдары токтотулгандыктан, Казакстандын чет өлкөдөгү мекемелери жарандарды мейманканаларга убактылуу жайгаштыруу боюнча иш алып барууда.
Бириккен Араб Эмирликтеринин аймагында казак жарандарын жайгаштыруу жана тамак-аш менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатат. Эвакуациялык каттам уюштурулса, биринчи кезекте улгайган адамдар, аялдар жана балдар чыгарылары айтылды. Буга чейин Тегеран шаарынан 50 казакстандык чыгарылган.
28-февралда Израил менен АКШнын Иранга биргелешкен чабуулу башталган. Вашингтон операциянын максаты Ирандын өзөктүк жана ракеталык программаларына байланышкан коркунучтун алдын алуу экенин билдирген.
Өз кезегинде Иран Израилдин аймагына жана АКШнын аскер базалары жайгашкан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө сокку урууну улантып жатат.