World News in Kyrgyz

Абактагы акын Аскат Жетиген кыйноого кабылганын маалымдады

№27 түрмөдө жазасын өтөп жаткан жарандык активист, ырчы Аскат Жетиген абак кызматкеринин кыйноосуна кабылганын билдирүүдө. Бул тууралуу ал өзүнүн адвокаты Нурбек Токтакуновго жазган катында маалымдап, укугу бузулуп жатканын коомчулукка жеткирүүсүн жана өзүн коргоону суранган.

Адвокат Нурбек Токтакуновдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Аскат Жетигендин каты ага 2-мартта тийген. Жактоочу акындын катын "Азаттык" менен бөлүштү.

Катта Аскат Жетиген №27 түрмөнүн жетекчилиги аны айып изоляторуна (ШИЗО) жапканын, буга бир нече күн мурун абакка акыйкатчынын (омбудсмен) өкүлдөрү барып, ал жакта жазасын өтөп жаткандардын абалы, шарттары менен таанышуу учурунда абактагылардын укуктары бузулуп жатканын айтканы себеп болгонун жазган.

Аскат Жетиген ошондой эле түрмө кызматкерлери абакты жылытууга бөлүнгөн көмүрдү ысырапчылык менен иштетип жатканын, жазасын өтөп жаткандарга спорт менен машыгууга тоскоолдук жаралганын, 2000 сом төлөбөгөндөр залга киргизилбей турганын белгилеген.

Аталган түрмөнүн Улан аттуу кызматкери кыйноого алганын билдирген активист абакта ал "ашкере оройлугу жана зөөкүрлүгү менен белгилүү" экенин жазып, ачык айткандарды айып изоляторуна камап, ар кандай ишке мажбурлап келерин билдирген.

Абактагы акын ошондой эле түрмөнүн жетекчиси да ал жакта кармалып тургандарга коркутуп, үркүтүп, орой мамиле кыларын белгилеген.

"Учурда ШИЗОдомун. Түшкү тамактанууга чыкпай, бир сааттан ашык сейилдөөчү бөлмөдө жаанда турдум", - деп жазган Аскат Жетиген.

Адвокат Нурбек Токтакунов №27 абактын жетекчилигине Аскат Жетигендин айып изоляторуна камалуу себебине түшүндүрмө талап кылып, кат жолдоду.

Жаза аткаруу кызматы азырынча бул боюнча маалымат же комментарий бере элек.

Жарандык активист, ырчы Аскат Жетигенге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эки кылмыш ишин козгогон: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - 2024-жылы 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен.

2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган. Кийинки сот бутактары бул чечимди күчүндө калтырган.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (ЖАМК) былтыр декабрдын башында камактагы Аскат Жетигендин жүрүм-турумун оң баалап, ал эч бир тартип бузбаганын, атүгүл абакта үч ирет сыйланганын анын адвокатына жазган катында билдирген.

Активист абакта быйылкы жылдын августунун ортосуна чейин болору айтылган.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Ал бийликти кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган. (ZKo)

Читайте на сайте