World News in Kyrgyz

Өзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт баланын өмүрү кыйылды

5-мартка караган түнү Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, таңкы саат 3:50дө толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен сегиз, алты, беш жана үч жаштагы балдар каза болгон.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Тиешелүү кызматтар териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Былтыр октябрда да Ош шаарында турак үйдөн өрт чыгып, 34 жаштагы келин беш баласы менен каза болгон. Ушул окуядан кийин президент Садыр Жапаров өрт коопсуздугу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган.

Читайте на сайте