World News in Kyrgyz

Бажы кызматынын башкы кеңсесинде чыккан өрт толук өчүрүлдү

6-мартта Мамлекеттик бажы кызматынын имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматта айтылгандай, өрт кечинде саат 20:42де чектөөгө алынып, 21:46да толугу менен өчүрүлгөн.

Имараттагы өрттү өчүрүүгө төрт күжүрмөн топ, эки автошаты жана штаб тартылган.

Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы да маалымат берип, имараттын чатыры гана күйгөнүн билдирди. Мекеменин бардык документтери жайында экени жана кырсык иш бөлмөлөрүнө, техникага зыяр бербегени белгиленди.

Читайте на сайте