World News in Kyrgyz

Акылбек Орозматов ОшТВ телеканалына жетекчи болду

ОшТВ телеканалынын мурдагы башкы директору Маратбек Акимбеков өз арызынын негизинде кызматтан кетти. Маалыматты Акимбеков “Азаттыкка” өзү тастыктады.

Аймактагы кабарчыбыз Наргиза Анарбай кызынын маалыматына караганда, телеканалга Акылбек Орозматов башкы директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Жанарбек Акаев кол койгон.

Акылбек Орозматов 2019-жылдары Билим берүү жана илим министрлигинде маалымат катчы болуп эмгектенген. Ага чейин “Башат”, “Ынтымак” телеканалдарында, “Жебе Медиа” басылмасында иштеген.

Маратбек Акимбеков ОшТВ телеканалына башкы директор болуп 2021-жылы 29-сентябрда дайындалган. Ага чейин "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы, ОшТВда кабарчы, "7-канал", "Ош пирим" "Т-Медиа" каналында, "Ынтымак" медиада эмгектенген.

ОшТВ телекомпаниясы өлкө түштүгүндөгү ири медиакомпаниялардын бири. Аны 90-жылдары жергиликтүү ишкер Халилжан Худайбердиев түптөгөн. 2010-жылдагы кандуу калабага чейин аталган телеканал негизинен өзбек тилинде обого чыгып келген. Июнь окуясынан кийин ээси алмашып, кыргыз тилинде иштеп калган. 2014-жылы телекомпания мамлекетке өткөрүлүп, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагында турган.
2022-жылы Ош шаардык кеңешинин чечими менен телеканал мэриянын балансына өткөн. (ZKo)

Читайте на сайте