World News in Kyrgyz

Аба ырайы: жаан, кар жаайт

10-11-март күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 11-мартта аба ырайы төмөндөп, жаан карга айланат. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет. Жолдор тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

11-12-мартта түнкүсүн абанын температурасы өрөөндөрдө -13 градуска чейин, тоолуу аймактарда -22 градуска чейин төмөндөйт.

Туруксуз аба ырайынан улам өлкөнүн тоолуу аймактарында, тоолуу жолдорунда жана ашууларда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

10-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 0…5;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндуз 4…9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндуз 8…13;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 2…4° жылуу болот.

Читайте на сайте