World News in Kyrgyz

БШК депутат Куванычбек Конгантиевди мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-марттагы отурумунда өзү жазган арыздын негизинде Жогорку Кеӊештин депутаты Куванычбек Конгантиевди мандатынан ажыратты.

45 жаштагы Куванычбек Конгантиев 2025-жылы ноябрда өткөн шайлоодо Бишкектеги №21 округдан парламентке депутат болуп шайланып келген. Ал мандатын эмне себептен тапшырганы боюнча комментарий бере элек. Куванычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин бир нече чакырылышына депутат болгон. Мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу.

9-мартта социалдык тармактарда Куванычбек Конгантиевдин 100дөн ашык мүлкү бар экени тууралуу видео жарыяланган. Анда ал Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп турганда борбордогу бир катар жерлерди ижарага алып, кийин менчикке чыгарып, көп кабаттуу үйлөрдү, ар кандай имараттарды салганы айтылат. Аларды апасына жана жакындарына каттатып койгону тууралуу сөз болот.

“Азаттык” бул видео боюнча комментарий алуу үчүн Куванычбек Конгантиевге байланышканда кийинчерээк телефон чалып коёрун айтып, ошол бойдон байланышка чыга элек.

Куванычбек Конгантиевдин ордуна №21 округдан эми Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиши мүмкүн.

Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан бошоткондон бери Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу жана Кундузбек Сулайманов депутаттык мандатын тапшырышты. Жанарбек Акаев да мандатын тапшырып, Ош шаарына мэр болду. (BTo)

Читайте на сайте