World News in Kyrgyz

Иран: Сакчылар корпусу "бир литр мунай да экспорттолбойт" деген буйрук берди

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун борбордук штабынын командачысы Али Абдуллахинин билдирүүсүнө караганда, жаңы лидер Можтаба Хаменеи жана куралдуу күчтөр “өч алууну” талап кылып жатат.

“Согуш аяктабайт. Жетекчилик, элибиз жана армия элдешкис душмандан буга чейин болуп көрбөгөндөй күч менен өч алууну каалайт”, - деп айтылат 10-марттагы билдирүүдө.

Можтаба Хаменеи 8-мартта Ислам жумуриятынын жаңы жогорку лидери болуп жарыяланганы менен эч кандай кайрылуу же билдирүү жасай элек.

Абдуллахи ошондой эле АКШ менен Израил “согушту каалаган учурда токтото албайт” деп кошумчалады.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы Израил менен биргелешип жүргүзүлүп жаткан операция “толук жеңишке” чейин уланарын айткан.

Америкалык расмий адамдардын айтымында, Вашингтон Ислам жумуриятына байланышкан максаттарына жетмейинче, уруш аяктабайт.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун басма сөз катчысы Али Мохаммед Наеини Трамптын эскертүүлөрүнө карабай, Ирандын куралдуу күчтөрү “башка көрсөтмө түшмөйүнчө, бир да литр кара майдын региондон кас тарапка жана алардын өнөктөштөрүнө экспорттолушуна жол бербейт” деп билдирди.

Мунун алдында, 9-мартта Трамп: “Террорчул режимге дүйнөнү барымтага алууга жана мунайды глобалдык алкакта ташууну үзгүлтүккө учуратуу аракетине жол берилбейт. Иран андай аракет кыла турган болсо, мындан да кубаттуу чабуул коюлат”, - деп жазган.

Иран дүйнөлүк мунай ташуунун маанилүү бөлүгү болгон Ормуз кысыгын бөгөттөгөн. Азыр ал жерде миллиондогон баррел мунай жана суюлтулган газ кармалып турат.

Серепчилердин айтымында, эгер Ормуз кысыгы марттын аягына чейин жабык бойдон калса, мунайдын баасы баррелине 150 доллардан да ашып кетиши мүмкүн.

Читайте на сайте