World News in Kyrgyz

Өкмөт автоунаалардын туннелдер аркылуу өтүү акысын бекитти

Кыргызстандын Министрлер кабинети атайын токтом менен унаалардын Бишкек-Ош жана түндүк-түштүк альтернативдүү жолундагы туннелдер аркылуу жүрүү акысын бекитти. Токтомго ылайык, баалар жалпы пайдалануудагы автоунаа жолдорундагы туннелдерди талаптагыдай күтүүнү жана эксплуатациялоону камсыз кылуу максатында бекитилгени айтылды.

Ага ылайык, Кыргызстандын жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүн айдоочудан башка сегиз орундан ашпаган жеңил автомашиналар Бишкек-Ош жолундагы туннелдерге 50 сомдон, түндүк-түштүк альтернативдүү жолундагы туннелдер үчүн 100 сомдон төлөшөт. Чет өлкөлөрдүн жарандарынан 200 сом алынат.

Сегиз орундан ашык жана жалпы салмагы 5 тоннадан ашпаган унаалар (анын ичинде тракторлор) үчүн Кыргызстандын жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары Бишкек-Ош жолунда 100 сомдон, түндүк-түштүк альтернативдүү жолунда 250 сомдон төлөшөт. Мындай типтеги чет өлкөлүк унаалар 1000 сомдон төлөйт.

Сегиз орундуу жүргүнчү ташуучу жана салмагы 5 тоннадан ашуун, бирок 12 тоннага жетпеген жүк ташуучу унаалар (анын ичинде тракторлор) Бишкек-Ош жолунда 250 сомдон, түндүк-түштүк альтернативдүү жолунда 500-700 сомдон, ал эми чет өлкөлүктөр 1000-3000 сомдон төлөйт.

Ал эми салмагы 12 тоннадан ашуун жүк ташуучу унаалар (анын ичинде комбайндар) Бишкек-Ош жолунда 500 сом, түндүк-түштүк ажолунда 1000 сомдон төлөшөт. Ал эми чет өлкөлүк жүк ташуучу унаалар 5000 сомдон төлөйт.

Транспорт жана коммуникация министрлиги жалпы пайдалануудагы автоунаа жолдорундагы туннелдерден өтүү үчүн алынчу төлөмдүн баасын көбөйтүүнү 2023-жылы сунуштаган. Министрлик ал жерде иштеген кызматкерлерди каржылоо, коммуналдык жана башка төлөмдөр өсүп жатканы үчүн тарифти өзгөртүү муктаждыгы жаралганын белгилеген.(ZKo)

Читайте на сайте