World News in Kyrgyz

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Быйылкы Орозо айт майрамы 20-мартка дал келет жана ушул күнү белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул чечим Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешмесинде кабыл алынган.

Кыргызстанда Орозо айы 19-февралда башталган.

Отуз күндүк Орозо толук болбой, 29 күн кармалган учурлар болот. Диний аалымдар муну асмандагы Айдын көрүнүшүнө дал келүү менен байланыштырып келишет. (ZKo)

Читайте на сайте