World News in Kyrgyz

Өкмөт бааларды туруктуу кармоонун ыкчам чараларын талкуулады

Министрлер кабинети 10-мартта Кыргызстандагы инфляциялык кырдаалды талкуулаган жыйын өткөрдү. Талкууга тиешелүү министрликтердин, мекемелердин жетекчилери жана Улуттук банктын өкүлдөрү катышты.

Жыйында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты жөнүндө маалымат берип, бааларга таасир этүүчү тышкы жана ички факторлорго талдоо жүргүздү, жакынкы мезгилге инфляциялык божомолдор менен бөлүштү. Баалардын туруктуулугун сактоо үчүн фискалдык жана монетардык чаралардын тыгыз координациясы талап кылынарын айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев эң ириде элдин сатып алуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Ал инфляциялык процесстерге көзөмөл катуу болууга тийиштигин айтып, ички рынокту, айрыкча социалдык маанидеги товарларга сырткы таасирди азайтуу милдети биринчи орунда турганын белгиледи.

Жыйынтыгында Данияр Амангелдиев баалардын туруктуулугун камсыздоо чараларын тез иштеп чыгууну, азык-түлүк коопсуздугуна жана ички рынокту Кыргызстандын өз продукциясы менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууну тийиштүү органдарга тапшырып, жетекчилердин жоопкерчилигин эскертти.

Кыргызстанда азык-түлүк, тейлөө акысы кымбаттап жатканына нааразылык улам айтылып келет.
Амангелдиев буга чейин Жогорку Кеңеште билдиргендей, былтыр жыл аягында инфляция өкмөттүн 7% чегинен ашып, 9,2% чыгып кеткен. Бул күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу болуп, мамлекет бир канча май ташуучу компанияга субсидия берген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2025-жылы азык-түлүк баасы өткөн жылдын декабрына салыштырганда 8,9% өскөн. Мекеменин мониторинги былтыр уй эти 15%, койдуку 18% жана жылкынын эти 22% кымбаттаганын көрсөткөн. Ал эми эттин бул үч түрүнүн баасынын соңку беш жылдык мезгилдеги өсүүсү 70-90% чейин жеткен.(ZKo)

Читайте на сайте