World News in Kyrgyz

Ормуз кысыгында үч кемеге дүрмөт тийди

Деңиз коопсуздугуна байкоо салган булактар жана маселеден кабардар расмий адамдар 11-мартта Ормуз кысыгында үч кемеге белгисиз дүрмөт тийгенин билдиришти. Бир кемеде өрт чыгып, экипаждын ири бөлүгү эвакуацияланды.

Рейтер кабар агенттиги эки булакка таянып жазгандай, Тайланддын желеги астында сүзүп жүргөн Mayuree Naree аттуу жүк ташыган кеме Оманга жакын жерде баратканда ага дүрмөт тийип жабыркаган. Агенттик Тайланддын Транспорт министрлигине шилтеме менен экипаждын 20 мүчөсүн Омандын деңиз күчтөрү куткарганын маалымдады. Үч кишинин дайыны табыла элек.

Британиянын Деңиз соода операцияларын координациялаган борбор сөз болгон кемедеги өрт тез өчүрүлгөнүн жана айлана-чөйрөгө коркунуч жаралбаганын билдирди.

Ага чейин Жапониянын желеги астында сүзгөн One Majesty кемеси да Бириккен Араб Эмирликтерине жакын жерде жабыркаганы маалымдалган.

Дагы бир жүк ташыган танкерге Дубайдын түндүк тарабында дүрмөт тийди.

Дүйнөдөгү мунай менен газдын 20% ташылган Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелердин саны АКШ менен Израилдин Иранга каршы соккулары башталган 28-февралдан тартып 97% азайды.

Азыркы окуяны санаганда бутага алынган кемелердин саны 14кө жетти.

Иран кысыкты тосмолоого, мина коюуга аракеттенгени кабарланган.

Читайте на сайте