ИИМдин жетекчилиги журналист Арстанбековага козголгон иш боюнча комментарий берди
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев журналист Алтынай Арстанбекова социалдык тармактарда эки фейк баракча ачып иштеткен деп шек саналып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеӊештин 12-марттагы отурумунда айтты.
“Мамлекетти, жогорку кызматта иштеген адамдарды жамандаган фактылар боюнча иштерди алып барабыз. Кечээ кармалган аял да эки аккаунт ачып алып мамлекетти каралаган фактылар боюнча кармалды”, - деди ал.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) 9-мартта социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Фейсбукта Даниэль Жоошбаев аттуу аккаунттун колдонуучусу бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган материалдарды жарыяланганы аныкталганын билдирген. Ал баракчаны Алтынай Арстанбекова иштетип келгени аныкталганы айтылган.
Бул факты боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси менен кылмыш ишин ачкан.
ИИМ билдиргендей, 10-мартта Арстанбекованын үйү тинтилип, уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбуктар, видеокамера, документтер алынган. 11-мартта журналист Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө иштери уланууда.
Фейсбукта Даниэль Жоошбаев деген адамдын аты менен ачылган баракчадан бийликти сындаган, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди колдогон постторду көрүүгө болот.
Алтынай Арстанбекова буга чейин Next TV телеканалында иштеген. Акыркы жылдары эркин журналист экенин айтып, Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келаткан. Анын адвокаты жана жакындары козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. (BTo)