World News in Kyrgyz

Таласта беткап менен мал уурдоого шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

Талас облусунун аймагында 13-15-март күндөрү "Мал уурулук" деп аталган атайын рейд жүргүзүлдү. Талас облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) жана Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) ыкчам кызматкерлери бир нече мал уурулукка шектелип, издөөдө жүргөн жаранды колго түшүрүштү.
Анын жанынан адам сөлөкөтүндөгү беткап, эки уюлдук телефон, бычак алынган.

ОИИБ басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү Т.Н. 45 жашта, Айтматов районунун тургуну.

2-февралда ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Мал уурдоо") менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Шектүү Т.Н. Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүргүзүлүп жатат.
Эт кымбаттагандан тартып мал уурулук күч алганы тууралуу нааразылык арбын айтылып келе жатат. Милиция мал уурулук боюнча расмий статистика бере элек.(ZKo)

Читайте на сайте