World News in Kyrgyz

Орунтаев Оштогу курулуш объектилеринин документи жок экенин Токторбаев кеткенден кийин билгенин айтты

Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарында 30дай объекттин тийиштүү документи, келишими жок мыйзамсыз иштеп жатканын мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кеткенден кийин билген. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-мартта Ош шаарында жасаган иши үчүн акчасын ала албай жаткан ишкерлер менен жолуккан учурда билдирди.
Ишкерлердин бири "Бул иштердин мыйзамсыз экенин Жеңишбек Токторбаев кеткенден кийин билдиңизби же мурда эле билет белеңиз. Билсеңиз эмнеге айткан эмессиз?, - деген суроо узатты.

"Биз Жеңишбек Токторбаев кеткенден кийин жана ишкерлер акчаны ала албай калдык деп айтып чыкканда гана билдик. Биз калаа мэриясы бардык документтерди алып келип бизге тапшырат деп ойлогонбуз. Андай болгон жок, андан кийин жаңы мэр келгенде сураштырганда бир дагы документ жок экени билинип жатат", - деди министр.

Орунтаев бул жагдайга байланыштуу чара көрүлүп жатканын, Курулуш министрлигинин департамент башчысы жумуштан кеткенин кошумчалады. Анын айтымында, комиссиянын чечими менен башка жетекчилердин дагы жоопкерчилиги каралат.

Жолугушууга катышкан Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 1 млрд сомдон ашкан карыздар бар экенин, учурда Эсеп палатасы текшерүү жүргүзүп жатканын белгиледи.

"Азыр бир дагы көпүрө, жол куруу иштери токтоп калган жок. Ишкерлерге рахмат, ал жерлерде иш жүрүп жатат. Президенттин кийлигишүүсү менен ишкерлер дагы кабатыр болбой, жасаган ишинин акчасын ала турганы белгилүү болду", - деди мэр.

Акаев карыздар боюнча жакынкы күндөрү кеңири маалымат берилерин кошумчалады.
Мунун алдында Орунтаев Ош шаарындагы курулушу бүткөн жана азыр жүрүп жаткан объектилердин бардыгы Курулуш министрлигинин карамагына өтөрүн билдирген. Атайын комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында акча каражаттары бөлүнөрүн айткан. Каражат республикалык бюджеттен жана Стабилдештирүү фондунан бөлүнмөкчү.

Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторабев февралда кызматтан кеткенден кийин ондогон ишкерлер жасаган иши үчүн акчасын ала электигин айтып чыгашкан. Орунтаев 30дай объект тийиштүү документи, келишими жок курулуп жатканын билдирген.
Токторбаев Орунтаевдин жана ишкерлердин соңку билдирүүлөрүнө байланыштуу азырынча үн ката элек. (КЕ)

Читайте на сайте