World News in Kyrgyz

Жогорку Кеңеш Улуттук банк төрагалыгына Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин жактырды

18-март күнү Жогорку Кеңеш Улуттук банк төрагалыгына Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду. Ага чейин парламент башкы банктын төрагасы болуп иштеп жаткан Мелис Тургунбаевдин кызматынан кетүү тууралуу арызына макулдук берген.
Мурдараак парламенттеги профилдик комитеттер Улуттук банктын төрагалыгына Алмаз Бакетаевдин, ал эми Финансы министрлигинин башчылыгына Руслан Суйналиевдин талапкерлигин жактырган.
Алмаз Бакетаев финансы министри болуп 2021-жылдын октябрынан бери иштеп келди. Анын кызматынан бошотулганы тууралуу маалымат бериле элек.

Руслан Суйналиев буга чейин финансы министринин биринчи орун басары болуп иштеп турган.

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жалпы жыйында билдирген.
44 жаштагы Тургунбаев 2024-жылы июнда Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган. Ага чейин жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеген.

Тургунбаев кызматтан эмне себептен кеткени айтыла элек.
"Улуттук банк тууралуу" мыйзамдын 61-беренесине ылайык, башкы банктын төрагасы кызматынан кетүү мөөнөтүнө бир ай калганда Жогорку Кеңештин чечими менен бошотулат. Жаңы төраганы дайындоону да парламент президенттин сунушу менен жүргүзөт. Улуттук банктын төрагасы мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда президент анын ордуна өз талапкерин сунуштайт. Парламент аны дайындаганча мурдагы төраганын орун басарларынын бири милдетин аткарып турат.(ZKo)

Читайте на сайте