World News in Kyrgyz

Аба ырайы: Ош, Баткен облустарында жаан жаайт

23-мартка чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдорунда жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

19-мартта Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндуз 7…12;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндуз 2…7.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 14…16° жылуу болот.

Читайте на сайте