World News in Kyrgyz

ТИМ кыргызстандыктарды Пакистан менен Ооганстанга барбай турууга чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы кырдаал курчуп, аскердик активдүүлүк күчөгөнүнө байланыштуу кыргыз жарандарын аталган өлкөлөргө кырдаал турукташканга чейин барбай турууга чакырды.

ТИМдин маалыматында азыркы учурда Пакистандын аба мейкиндиги ачык, авиакаттамдар кадимкидей аткарылып жатканы айтылды. Ошондуктан мекенине кайтуу зарылдыгы жаралган кыргызстандыктар коопсуздук чараларын сактоо менен ал жактан өз алдынча чыгып кете алышары белгиленди.

Ал эми бул мамлекеттерде жүргөн жарандарга өзгөчө этият болуу, адамдар көп топтолгон жайларга жана кооптуу аймактарга барбоо, жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын коопсуздук талаптарын так аткаруу сунушталды. Ошондой эле кыргызстандыктарга ар дайым өздүгүн тастыктаган документтерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн байланыш маалыматтарын алып жүрүү жана расмий билдирүүлөргө көз салып туруу керектиги эскертилди.

Өзгөчө кырдаал жаралган учурда же жардамга муктаж болгон жарандар Кыргызстандын Исламабад шаарындагы жана Кабул шаарындагы элчиликтерине төмөнкү түз байланыш телефон номерлери аркылуу кайрыла алышат.

- Пакистандагы элчилик: +92 333 5556343; +92 333 5209903
- Ооганстандагы элчилик: +93 77 909 93 26; WhatsApp: +93 77 654 45 04
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин күнү-түнү иштеген номуру: +996 999 312 002, email: dks@mfa.gov.kg
16-мартта Пакистандын абдан жасалган соккусунан Кабулдагы ооруканада кеминде 400 киши каза тапканын Ооганстанды башкарган "Талибан" кыймылы билдирген. Ал эми расмий Исламабад муну четке кагып, бутага Кабулдагы жана Нангархардагы аскердик жай, террорчуларга жардам берген инфраструктура алынганын билдирген. (ZKo)

Читайте на сайте