УКМКнын айрым кызматкерлерине коррупция боюнча кылмыш иши козголду
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) айрым кызматкерлерине карата Аскер прокуратурасы коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК кызматкерлери жана алар менен байланыштагы адамдар мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүүгө тийиш болгон акча жана мүлктөрдү өздөрүнө ыйгарып алганы аныкталган.
"Алар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан, мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүгө тийиш болгон акча каражаттарын жана мүлктүк укуктарды мыйзамдуу өткөрүп берүү деген шылтоо менен өздөрүнө ыйгарып, жеке материалдык кызыкчылыктарын арттырып келгени аныкталган", - деп маалымдады башкы көзөмөл органы.
Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, учурда иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 11-февралдан бери жети адам атайын кызмат системасынан кетирилгенин 18-мартта билдирген. Анын сөзүнө караганда мындан сырткары 83 киши кызматынан бошотулуп, 13 кызматкер тартип жазасына тартылды. Алты киши атайын кызматка талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, кызматтан алынды. Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынган.
Кармалгандардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.(ZKo)