World News in Kyrgyz

Кыргызстанда токойлорду калыбына келтирүү боюнча 81 млн сомдук келишимге кол коюлду

Кыргызстанда токойлорду калыбына келтирүү боюнча 81 млн сомдон ашуун гранттык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы 25-мартта кабарлады. Бул "Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу - АДАПТ" долбоорунун алкагында ишке ашууда. Долбоор токой ресурстарын туруктуу башкарууга, деградацияланган аймактарды калыбына келтирүүгө жана жергиликтүү жамааттардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган. Анын негизинде 2500 гектар аянтта токойлорду калыбына келтирүү, жаңы токойлорду өстүрүү жана табигый калыбына келүү процесстерине көмөк көрсөтүү боюнча иштер аткарылат.

Кыргызстанда жыл сайын дээрлик бардык аймактарда көчөт отургузуу өнөктүгү жүрөт. Бирок тигилген көчөттөрдүн бир бөлүгү жыл айланбай куурап калган учурлар арбын катталат.

2022-жылдан ебри "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында 8,141 млн даана көчөт тигилген жана анын 67% гана көктөгөн.

Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстандагы жалпы токой аянты өлкө аймагынын 6,3% ээлейт.

2024-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы 1650 гектар жерге көчөт тиккен. 2025-жылы 2500 гектар жерге көчөт отургузган.

Мурдагы жылдары БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба программасы өлкөдөгү токойлор менен жайыттарды калыбына келтирүү, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу үчүн Кыргызстанга 29 миллион доллардан ашуун грант бере турганы кабарланган. (КЕ)

Читайте на сайте