World News in Kyrgyz

Аба ырайы: күн ачык болот

28-мартка чейинки күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдорунда, ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.26-мартта Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Чүй облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндуз 19…24;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндуз 20…25;Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндуз 10…15;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 21…23° жылуу болот.

Читайте на сайте