World News in Kyrgyz

Рустам Кошонов Анталиядагы башкы консул кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Рустам Кошонов Түркиянын Анталия шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрация кабарлады.

Маалыматка караганда, Кошонов ээлеген кызмат ордунан дипломатиялык миссиясынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу бошотулду.

Кошонов Анталия шаарындагы башкы консулу болуп 2022-жылы февралда дайындалган.

Анталиядагы консулдук 2021-жылы октябрь айында президенттин буйругу менен негизделген.

Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат. Ошондой эле Түркияда эки миңдей кыргызстандык студент билим алат. (КЕ)

Читайте на сайте