Кемпир-Абад иши: Айыпталуучулар шаардык сотто да акталды
27-мартта Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарды актаган райондук соттун өкүмүн күчүндө калтыруу тууралуу чечим чыгарды. 2024-жылдын 14-июнунда Биринчи май райондук соту 27 кишинин 22син актаган. Прокуратура каршы чыгып, шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот 21 кишини актады.