World News in Kyrgyz

Кайыңдыда мектеп-интернаттын жери мамлекетке кайтарылды

Панфилов районунда жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар тарбияланган мектеп-интернатынын 0,32 гектар жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Ага ылайык, Панфилов райондук прокуратурасы текшерүү учурунда мурдагы Кайыңд мектеп-интернатына караштуу 0,32 га жер тилкеси 2005-жылы мыйзамсыз түрдө 36 537 сомго бааланып, сатылып кеткенин аныктаган.

Прокуратура жердин азыркы баасын 8 883 000 миң сом деп баалап, прокурордук чаралардын жыйынтыгында, жерди Кайыңды шаардык мэриясынын балансына кайтарып берген.

Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өлкөнүн бардык аймактарында мурунку убактарда сатылган мамлекеттик объектилер "мыйзамсыз менчиктештирилген" деген жүйө менен мамлекетке кайтарылганы тууралуу маалыматтарды улам-улам жарыялап келет.

Анын ичинде бала бакча, мектеп, мектеп-интернаттардын имараттары, жерлери да бар.

Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылы мурунку убактарда мыйзамсыз менчиктештирилген 40 бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылган. (ZKo)

Читайте на сайте