World News in Kyrgyz

Ирандын түндүгүндө АКШнын соккусунан негизги көпүрө жарактан чыкты

Ирандын Ислам сакчылары корпусуна жакын Fars агенттиги өлкөнүн түндүгүндөгү B1 көпүрөсүнө АКШ менен Израилдин соккусу урулганын билдирди. Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөттөрдөн Тегеранды Алборз провинциясындагы Караж аймагы менен байланыштырган көпүрө бузулганын көрүүгө болот.
Сокку эки жолу, экинчиси биринчисинен бир сааттан кийин урулганы айтылууда.
Ирандын маалымат каражаттары ал Жакынкы Чыгыштагы эң бийик көпүрө экенин жазышты. Ошол эле учурда анын курулушу аяктай электиги тууралуу маалымат тарады.

Fars агенттиги биринчи сокку жасалганда Алборз провинциясында эки адам мерт кетип, бир нече киши жаракат алганын жазган.
Кийинчерээк ирандык аткаминер көпүрөгө урулган соккудан сегиз адам мерт кетип, 95 адам жаракат алганын айтканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
Көп өтпөй АКШнын президенти Дональд Трамп TruthSocial соцтармагына: "Ирандын эң чоң көпүрөсү кулады, эми ал пайдаланууга жатпайт – андан ары дагы көп нерсе болот! Биздин дүйнөдөгү эң күчтүү жана кубаттуу аскерлер Ирандын калганын жок кылууну али баштай да элек. Андан кийин көпүрөлөр, анан электр станциялары!" деп жазды.
Андан мурдараак Трамп Тегеранды "кеч болуп кала электе макулдашууга келүүсү" керек экенин эскерткен жана америкалык аскерлердин Ирандын борборун коңшулаш провинциялар менен байланыштырган негизги көпүрөсүн жарактан чыгарганын кубаттаган.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы 28-февралда башталган.

Читайте на сайте