"Көзөмөл болбогонуна ким жооптуу?" Жеңишбек Токторбаев суракка чакырылды, ишкерлер акчасын доолап чыкты
Оштун экс-мэри Жеңишбек Токторбаевди чек арадан сыртка чыгарбоо тууралуу Чек ара кызматына көрсөтмө түшкөнүн айрым басылмалар жазды. Мунун алдында Токторбаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылган. Ал мэр болуп турган учурдагы мыйзамсыз иштерине байланыштуу суралганы кабарланды.