Билим берүү жана илим министрлиги Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизип, мугалимдердин ишине жөнсүз кийлигишкен жана сыйлабаган тараптарга айып пул салууну сунуштоодо. Бул тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, педагогикалык кызматкерди кесиптик милдеттери менен байланышпаган иштердин түрлөрүнө тарткан, мугалимден кесиптик ишине тиешеси жок отчетторду же маалыматтарды талап кылган, мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзгөн, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу милдетин жүктөгөн... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги райондук башкармалыктарынын жетекчилери кызмат абалынан пайдалануу фактысы боюнча кармалганын билдирди. "Текшерүү учурунда акциздик товар өндүргөн жана импорттогон ири ишкерлер өлкөнүн түштүгүнө товар жиберүүдө тиешелүү эсептик базаларда жүктү коштоочу документтерди четтетүү же чакыртып алган фактылары катталган. Бирок буга көзөмөл кылган салык кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып,... Читать дальше...
Грузияда полиция евроинтеграцияны жактагандардын алтынчы түн катары менен уланган акциясын күч менен таркатты. 3-декабрдын кечинде баш калаа Тбилисидеги парламент алдына миңдеген демонстранттар топтолду. Алар парламентти көздөй фейерверктерди жаадырышты. Анын алдында эле Грузия бийлиги пиротехника саткан дүкөндөрдүн ишин толкундоолор аяктагыча чектеген. Полиция акциянын катышуучуларына суу жана көздөн жаш чыгаруучу газ чачты. Айрым социалдык тармактарга чыккан видеолордон атылган октордун үнүн угууга болот. Читать дальше...
1980-жылы 4-декабрда Кыргызстандын совет заманындагы өкмөт башчыларынын бири Султан Ибраимов Ысык-Көлдө “Белка” мылтыгынын огунан каза тапкан. Маркумдун жубайы Рева Телтаева менен 1989-жылы маектешип, өмүрлүк жарынын турмуш-тагдыры тууралуу кенен кеп кылдык эле.
Cирияда өкмөттүк армияга каршы чыккан козголоңчу күчтөр Хама шаарына жакындашты. Бул тууралуу Сириядагы Адам укуктарына көз салган обсерватория 3-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, жоочулар калаанын айрым бөлүктөрүн аткылады. Хама - аянты боюнча өлкөдөгү төртүнчү чоң шаар. Маалыматты Рейтер агенттигинин кабарчылары да ырасташты. Алар билдиргендей, Хаманы алса, козголоңчулар Башар Асаддын өкмөтүнө басымды дагы күчөтүшөт. Өткөн жумада козголоңчу күчтөр Сириянын ири шаарларынын бири Алеппону... Читать дальше...
Сербияда вице-премьер-министр Александр Вулин башында турган Социалисттердин кыймылы парламенттин кароосуна чет элдик агент тууралуу мыйзамды киргизди. Мыйзам долбооруна ылайык, каржысынын көбүн чет жактан алган бейөкмөт уюмдар, бирикмелер, саясатчылар "чет элдик агент" катары катталып, өз макамы тууралуу бардык билдирүүлөрдө белгилеши керек. Мыйзамды бузгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, беш миң динардан эки миллион динар (42-17 миң долларга чейин) айып пул төлөөгө милдеттендирилет. Мыйзам... Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Сокулук райондук милициясынын тергөө кызматкерине пара сунуштаган адвокат кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, адвокат К.Т. айыпталуучулардын аракеттерин жеңилирээк беренеге өзгөртүү үчүн 2000 доллар өлчөмүндө пара сунуштаган. Тергөө кызматкери бул маалыматты жетекчилигине билдирип, анын негизинде Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (“Пара берүү”) боюнча кылмыш иши козголгон. Мекеме тергөө жүргүзүү үчүн ишти Ички иштер министрлигине өткөрүп берген. Читать дальше...
Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктады.
Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинети 4-декабрда билдирди. Өкмөттүн сайтына жарыяланган маалыматка караганда, эки өлкөнүн атайын кызматтарынын төрагалары - кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегациялардын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун 4-декабрда... Читать дальше...
Социалдык тармактарда тараган Таластагы окуучулардын мушташынын чоо-жайын милиция териштире баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициянын басма сөз кызматы 4-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, окуя 29-ноябрь күнү саат 12:00 чамасында Талас районунун Жон-Арык айылындагы Акматбек Нуржанов атындагы орто мектебинде болгон. Анда 10-11-класстын балдарынын ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыккан. Бул факты райондук милициянын электрондук журналына катталган. Териштирүү учурунда 10-11-класстын балдары... Читать дальше...
KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Имамидин Ташовдун жакындары президентке кайрылып, аны үй камагына чыгарууга көмөктөшүүнү сурады. Ишкердин жакындары 4-декабрда маалымат жыйынын өткөрүп, президенттен Имамидин Ташовдун ишин жеке көзөмөлгө алууну өтүнүштү. Ташовдун апасы Саипжамал Абдукаимова уулу негиздеген курулуш компаниясынын кийинки жетекчилеринин айынан үлүшчүлөр жабыркаганын билдирди. Иниси Азиз Ташовдун журналисттерге билдиргенине караганда... Читать дальше...
Фейсбуктагы пикири үчүн айтыпталып, камакта жаткан Турду Акматалиевдин иши сотко өттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди. Мекемеден билдиргендей, алгачкы соттук отурум 19-декабрь, саат 14:00го дайындалган. 63 жаштагы Турду Акматалиев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү. Ал 2017-жылдан бери Орусияда курулуш тармагында эмгектенип жүргөн. Орусиянын күч түзүмдөрү аны Красноярск шаарынан быйыл 22-мартта кармап, 28-октябрда Кыргызстанга алып келингени белгилүү болгон. Читать дальше...
Түштүк Кореядагы ири оппозициялык күч саналган демократиялык "Тобуро" партиясы 4-декабрда президент Юн Сок Ёлдун кызматтан кетишин талап кылып, импичмент жарыялоого чакырды. Рейтер агенттиги жазгандай, бул талапты оппозициядагы дагы беш партия колдоого даяр. Тиешелүү мыйзам долбоору добушка 5-6-декабрь күндөрү коюлушу мүмкүн. Ал арада президенттин администрациясынын кызматкерлери жапырт иштен кетүү тууралуу каалоосун билдиришти. Yonhap маалымат агенттиги жазгандай, алардын арасында Юндун улуттук... Читать дальше...
Орусия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган 3-декабрда телефондон сүйлөшүп, Сириянын түндүгүндөгү жаңжалды жайгарууда дипломатия зарыл экенин белгилешти. Сүйлөшүүдөн кийин Эрдогандын кеңсеси тараткан билдирүүдө Сирия мындан ары туруксуздуктун булагы болбошу керектиги жазылган. “Түркия Сириянын аймактык бүтүндүгүн колдоону улантып жатса да, ошол эле учурда Сирияда туруктуу жана адилеттүү кырдаал орношун көздөйт”, - деп жазылат X социалдык түйүнүнө жарыяланган кеңсенин билдирүүсүндө. Читать дальше...
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 2-декабрда №31 түзөтүү мекемесине барганда, ал жерде дарыланып жаткан Алымбек Мамытов деген жаран мурда кыйноого кабылганы белгилүү болгон. Бул тууралуу "Азаттыкка" Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысы Эмил Жандаев 4-декабрда маалымдады. “"Жаңы кармалганда мени УКМК кызматкерлери катуу сабап коюшту. Омурткаларым жакшы болбой жатат" деп айтып берди. Ошол себептен 31-мекемеде дарыланып жатыптыр. Ал 31-мекеменин кызматкерлерине эч даттанган жок. Топтолгон материалдарды Башкы прокуратурага жөнөтөбүз”... Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 5-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт, Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин 4-декабрдагы жыйынында шайлоодогу гендердик квота маселеси кайра каралышы керектигин билдирди. “Ишкерлерди укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жатканда депутат Исхак Масалиев бул документ менен “айымдар ишкердиги” түшүнүгү кирип жатканын сынга алып, ишкердик тегиз каралышы керек деген пикирин билдирди. Төрага Шакиев Масалиевдин пикирин кубаттап, шайлоодогу гендердик квота маселеси да каралышы керектигин айтты. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор толугу менен жок кылынганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 3-декабрда Түштүк Кореяга жасаган расмий сапары учурунда Глобалдык өсүү институтунун төрагасы, Бириккен Улуттар уюмунун (БУУ) мурдагы башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуусунда айтты. Садыр Жапаров Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) акыркы үч жылда жыл сайын орточо эсеп менен 9% өсүп жатканын кошумчалап, Пан Ги Мунду өлкөгө келип кетүүгө чакырды. “Биз коррупция менен чечкиндүү күрөшүп жатабыз. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдү күчөтүп, накталай төлөмдөн баш тартуу талабы күч алып жатканын, бирок буга өлкөдө иш жүргүзгөн айрым банктар даяр эместигин эскертти. Ал парламенттин 4-декабрдагы отурумунда Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевден андай системасы туруксуз банктарга башкы банк эмнеге чара көрбөй жатканын сурады: "Мына накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрөбүз деп атабыз. Бул жакшы. Бирок биздеги банктардын айрымдарында накталай эмес... Читать дальше...
Жылдыз Полотова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы 4-декабрда кабарлады. Бирок кайсы кызматка которулганын тактаган жок. Президент анын ордуна Равшанбек Сабировду министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындады. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет. Равшанбек Сабиров 2010-жылы “Ата Мекен” партиясынан парламентке депутат болуп шайланган. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин 4-декабрдагы отурумунда депутат Балбак Түлөбаев Министрлер кабинетин салыктын улам бир түрүн көбөйтүү менен Салык кодексин өзгөртүп жатканын сынга алды. Ал өкмөт элдин жон терисин сыйрып жатат деп айыптады. "Башка жаңы салыктар болбойт дегенсиңер, бирок улам эле жаңы бир салык киргизип, кошумча нарк салыгын көтөрүп атасыңар? Курулушка кайрадан 12% кошумча нарк салыгын киргизип атасыңар. Бирок бизде 40 миңдей жаран үйү жок, ипотекалык компанияда кезекте турганын билесиздер. Аны... Читать дальше...
Автоунааларына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ЖЖМК, орусчасы - ОСАГО) полисин албаган айдоочуларга айып пулду мыйзам күчүнө киргенден жарым жылдан кийин салуу сунушталууда. Бул тууралуу Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөл кылуу жана тескөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров 3-декабрда парламентте билдирди. Ал Жогорку Кеңештин Коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдиргендей, бүгүнкү күнү Кыргызстанда 1,6 млн транспорттук каражат каттоодон өткөн болсо... Читать дальше...
Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча курама командаларынын башкы машыктыруучулары кызматтан кетип, алардын ордуна жаңылары шайланганын Күрөш федерациясы расмий жарыялады.
Казакстанда Психикалык саламаттык борборунда дарыланып жаткан эки кыз "мекеменин кызматкерлеринин зордуктоосуна" кабылганын айтып чыгышты. Кыздардын бири жашы жете элек өспүрүм экени, зордуктоодон кийин боюна бүтүп, аборт жасатканы белгилүү болду. Полиция иш козгоду, бирок шектүүлөр аныктала элек.