7 февраля 2026 года

World News in Kyrgyz

Февраль
2026
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Все новости

Azattyk.org 

Миланда кышкы Олимп оюндарынын ачылышы өттү

Италиянын Милан шаарында 6-февралда XXV кышкы Олимп оюндарынын расмий ачылышы болду. Негизги азем аталган шаардагы “Сан-Сиро” стадионунда өттү, бирок кээ бир иш-чаралар Кортина, Ливиньо жана Предаццодо да уюштурулду. Олимп оюндары 22-февралга чейин өтөт жана ага Кыргызстандан эки спортчу катышат. Тимур Шакиров тоо лыжа спортунан, Артур Сапарбеков лыжа жарышынан чыгат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик спортчуларды машыктыруучулар Игорь Борисов менен Александр Левданский коштоп барарын билдирген. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Жолдо сак болгула". АКШда кыргыз жигит кырсыкка кабылды

АКШда кыргызстандык айдоочу киши өлүмүнө шектелип кармалды. Кошмо Штаттардын Ички коопсуздук департаменти билдиргендей, 4-февралда Индиана штатынын Жей округундагы кан жолдогу кырсыкта төрт америкалык жаран мүрт кеткен.

Azattyk.org 

Эки менчик автомектептин жетекчиси кармалды

АКШда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына айыпталып, кыргызстандык мигрант кармалды. Омандын борборунда 6-февралда АКШ жана Ирандын өкүлдөрү жолугушту. Президент Садыр Жапаров өзүнүн иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге катуу эскертүү берди. Эки менчик автомектептин жетекчиси кармалды.

Azattyk.org 

Курулушу мыйзамсыз делген көп кабаттуу 200 үйдүн 150сүнүн маселеси чечилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кыргызстандагы мыйзамсыз деп айтылып келген, мындан улам курулушу токтоп калганы айтылган үйлөр боюнча "Азаттыкка" маалымат берди. Министр соңку эки жыл ичинде өлкөдөгү курулуштардын баары текшерилип, жыйынтыгында 200дөн ашык көп кабаттуу үй курулуштагы талаптарга жооп бербегендиктен мыйзамсыз деп табылганын билдирди. Азыркы тапта бул тизмедеги 150 объект аталган министрлик аркылуу мыйзамдаштырылып, документи берилди. "Соңку бир жылда 150 курулушту легалдаштырып... Читать дальше...

Azattyk.org 

“КГБ тергөөчүсү ар бириңерге иш даярдап койгонбуз деп айткан”

Кыргызстанда 80-90-жылдардагы толкун тууралуу, жаңылануу, өзгөрүүнүн эңсеген кыймылдар тууралуу азын улак сөз кылып жүрөбүз. Ошол доордогу чакырыктардын күүсүнөн азыр дагы чыга албай, ошол эле аң-сезим менен жүргөн жокпузбу? Эгемендик алган 35 жылда кандай коом кура алдык? Азыркы жаш муунга ким өрнөк, эмне баалуу? “Куугунтук курмандыктары” подкастында белгилүү коомдук жана саясий ишмер Эмил Каптагаев.

Azattyk.org 

2029-жылкы кышкы Азия оюндары Алматы шаарында өтөт

5-февралда Милан шаарында Казакстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Геннадий Головкин жана Азия Олимпиада Кеңешинин (AOK) төрагасы Шейх Жоан бин Хамад ал-Тани кышкы Азия оюндарын өткөрүү тууралуу расмий документке кол коюшту. Негизи 2029-жылкы кышкы Азия оюндары Сауд Арабиясында жаңыдан салынып жаткан Неом шаарында өтүшү керек болчу. Бирок быйыл январь айында АОК Сауд Арабиясы кышкы Азиаданы өткөрө албай турганын жарыялады. Акыркы жылдары АОК үчүн кышкы Азия оюндарын өткөрө турган өлкө же шаар табуу олуттуу көйгөйгө айланды. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ - Иран: Омандагы сүйлөшүү согуштун алдын алабы?

6-февралда Омандын башкалаасы Мускат шаарында АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү башталды. Делегацияларды Ак үйдүн атайын чабарманы Стив Уиткофф менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи баштап барышты. Жолугушууга сүйлөшүүгө арачы түшүп келаткан Омандын жогорку өкүлдөрү да катышууда. Кээ бир эксперттер бул сүйлөшүүлөрдү согушутун алдын алуу багытындагы акыркы мүмкүнүчүлүк деп баалашат. Анын так күн тартиби ачыкка чыгарылган жок. Маалыматтарга караганда Иран кездешүү мурункудай эле тикелей эмес... Читать дальше...

Azattyk.org 

Милан-Кортина Олимпиадасы: Кыргызстандан эки спортчу аттанды

XXV кышкы Олимп оюндарында Кыргызстандан эки спортчу ат салышат. Алар Тимур Шакиров жана Артур Сапарбеков. Олимпиада бул жолу Италияда өтүп жатат. 6-февралда башталган таймаштар 22-февралга чейин уланат. Кыргызстандын туусун спортчу Артур Сапарбеков көтөрүп чыгат.

Azattyk.org 

Таласта аялына май чачып, өрттөөгө аракет кылган жаран кармалды

Талас облустук ички иштер башкармалыгы аялына май чачып, өрттөөгө аракет кылган жаран кармалганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, 5-февралда 28 жаштагы М.Т. аттуу келин арыз менен кайрылып, былтыр 15-октябрда Бакай-Ата районунда жолдошу үйдө ага май чачып күйгүзүп жибергенин айткан. Бул окуя боюнча ошол эле күнү райондук милицияга бир үйдөн өрт чыкканы тууралуу маалымат түшүп, каттоого алынган. “Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө күбөлөр суракка алынып, алар меште от күйбөй калгандыктан бензин чачылган учурда жалын тутанып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Жапаров жарандарды "Унаадагы" реформаны колдоого дагы бир жолу чакырды

Президент Садыр Жапаров айдоочуларды окутуу боюнча жасалып жаткан реформа 50-60 жылда толугу менен жемишин берерин билдирди. Бул тууралуу ал 6-февралда “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде айтты. Ал жол кырсыгынан каза тапкандар жана майып болгондор көбөйүп жатканын, бул тармакта реформа жасалбаса маселе тереңдей берерин белгиледи. Жапаров коомчулукту өзгөрүүлөрдү колдоого чакырып, менчик мектептерди жапканы үчүн ээлеринен кечирим сурады. “Окуду” кылып справка берип, “өттү” кылып күбөлүк саткан... Читать дальше...