Ысык-Көл аймагында туристтер үчүн уникалдуу 180 тонналык нефрит ташы ачылды
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда салмагы 180 тоннадан ашкан гиганттык нефрит ташынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул ачылыш Чоң-Кызыл-Суу айылынан үч чакырым алыстыкта жайгашкан жана азыр район үчүн жаңы туристтик жай деп расмий түрдө жарыяланды.