Кыргызстанда биринчи шамал электр станциясы курула баштады
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын Көк-Мойнок айылында шамалдан электр энергиясын өндүрө турган станциянын курулушуна капсула салуу иш-чарасы өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, энергетика министри Таалайбек Ибраев, Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков, Росатомдун өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.