Кадамжай районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды
![Кадамжай районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-afc3-08dc952d1730_tv_w800_h450.jpg)
24-июндагы селден улам Кадамжай районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, табият кырсыгынын кесепетин жоюу, зыяндарды тактоо иштери уланууда. Селде беш жашар баланын өмүрү кыйылды. Үйүнүн ичине чейин суу каптаган 39 үй-бүлө туугандарыныкында убактылуу баш пааналап турушат.
Ноокендин Эргеш Алиев, Лейлектин Катыраң жана Баткендин Ак-Татыр айыл өкмөттөрүндө да өзгөчө кырдаал режими киргизилген.