Ноокатта сел жети кишини агызып кетти
28-июнда Ош облусунда селден беш кишинин өмүрү кыйылганы тастыкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан соңку маалыматта мындан тышкары дагы эки киши дайынсыз болуп жатканы айтылды.