Чикаго: Демократтардан Камала Харрис шайлоого чыгат

АКШнын Чикаго шаарында Демократиялык партиянын үч күндүк улуттук курултайы башталды. Жыйында вице-президент Камала Харрис ноябрдагы шайлоого партиянын атынан талапкер болуп көргөзүлөт. Бир ай мурун талапкерликтен баш тарткан президент Жо Байденди катышуучулар жылуу тосуп алышты. Ал арада сыртта миңдеген киши АКШнын Газадагы согушта Израилге колдоп жатканына нааразылыгын билдирип жатышты.

Читайте на 123ru.net