Испанияда суу ташкындан 160ка чукул киши набыт болду
Испанияда суу ташкындан набыт болгондордун саны 160ка чукулдады. Жергиликтүү тургундар убагында чара көрүп, эскертүү бербегени үчүн бийликти күнөөлөсө, өкмөт мунун себебин климаттын өзгөрүүсүнөн көрүүдө.
Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековду сот 70 миң сом айыпка жыкты. Ал алты айча абакта жатып, кийин үй камагына чыккан эле. Министрлер кабинети 12 жылдык окуу боюнча концепцияны бекитти. Балдар мектепке 6 жаштан барат, нөлүнчү класс биринчи класс болуп эсептелет. Мектеп бүтүрүүчүсүнүн жашы өзгөрбөйт жана 11 жылдык окуудагыдай эле бойдон калат.