Журналисттердин жаатташканы ириде коомго зыян
Кыргызстанда соңку айларда журналисттер соттолду, экөө абакта калды. "Демократия аралы" атка конгон өлкөдөгү бул көрүнүштү сындагандар аз болду. Эркин медиалар жана эл аралык уюмдар гана реакция кылбаса, өкмөттүк ЖМКда иштеген журналисттердин айрымдары социалдык баракчаларына табалагандай пикир калтырды, көпчүлүгү бул окуяны укпагандай болуп байкамаксан болду. Журналисттердин мындай жикке бөлүнүшү сөз эркиндигине кандай таасир этет? Төмөндө бул тууралуу эркин журналист Жалил Сапаровдун ой толгоосун сунуштайбыз.
Жалил Сапаров эркин журналист, медиа эксперт. Журналистикага байланыштуу бир катар чет тилдеги эмгектерди кыргызчалаган. Жаңылыктар журналистикасы, басма сөз кызматы боюнча окуу китепчелерин жазган, сөз эркиндиги боюнча макалалардын автору.
Автордун көз карашы "Азаттыктын" пикирин чагылдырбайт.
Мен буга чейин journalist.kg сайтына Кыргызстандагы журналисттер арасында кесиптик тилектештик маселелери боюнча макала жазган элем.
Ошондо кесиптик тилектештиктин жоктугун жана ага негизинен эмне себеп болуп жатканына токтолгом. Бирок бул боюнча кесиптиштер арасынан тигиндей же мындай пикир деле айтылган эмес.
Кыргызстанда журналисттер арасында кесиптик тилектештик чынында эле жок. Азыркыга караганда тээ миңинчи жылдарга чейин, андан кийинки азганактай мезгил ичинде бар эле. Ал убакта Акаев президент, демократиялык агымдар активдүү кез болчу. Эркин журналисттердин активдүүлүгү да, сабаттуулугу да кыйла жогору эле. Кийин барып журналистика чөйрөсүндө бөлүнүп-жарылуу көрүнүштөрү көбөйүп кетти, буга ар кайсы саясий топтордун (партиялардын) жана жергиликтүү олигархтардын пайда болушу себеп болду.
Саясий кызыкчылыктар, прагматикалык жеңил ойлуулук кесиптештер арасындагы көптөгөн ажырымдарды пайда кылды. Натыйжада кесиптик, моралдык деградация келип чыкты. Кесиптик жактан төмөндөө жүз берди. Мен 2004-жылы бир медиа-басылмага интервью берип, Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттары бар, бирок журналистика жок, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери бар, бирок журналисттер жок экенин айткам
Албетте, бул максимализм дечи, бирок негизинен алганда ошондой эле болчу. Бир катар мартабалуу, кесипкөй журналисттер болбосо, калгандары жөн гана кесиптик сүрмө топ (толпа) бойдон кала берди. Эгер кесипкөй журналистика болбосо, анда кайдагы кесиптик тилектештик? Кесиптик тилектештик журналистиканын чыныгы миссиясына баш ийген, аны жетекчиликке алган, ошого ыкласын коюп, адеп-ахлактыктык пайдубал кылып алган аракеттерге, ой-чабытка жана жашоо турпатына гана таандык болот. Азыр ар ким ар башка жакка карап намаз окуп жаткан акыбал келип чыкты. Бул эми бир чети күнүмдүк жашоону жогору койгон жапайы прагматизмдин туундусу.
Ошон үчүн бизде кордук көргөн журналисттерди, маданиятсыз артисттерге шылдың болгон кесиптештерди эч ким колдобойт, коргобойт, тескерисинче журналисттер калың массага кошулуп алып тепкилешет. Бул өтө терең, коомдун эртеңкисине үлкөн закаласын тийгизе турган көйгөй.
Албетте, тилектештик менен биздеги ушул көйгөйдү гана эмес, көптөгөн башка да көйгөйлөрдү азайтып, чектеп койсо болот. Тилектештик абдан маанилүү күч, ресурс жана керек болсо – баалуулук да. Бирок, короодон талаалап чыгып кеткен, өзүнүн эмес, ар кайсы тараптардын, идеялардын жана баалуулуктардын кызматын кылып жүргөн, тигил же бул нерсеге жеке өзүнүн пикири жок, башкалардын пикири менен “адам” болуп жүргөн көптөгөн кесиптештерди кантип бир короого айдап киресиң? Кантип аларды бириктиресиң? Кантип журналистиканын чыныгы миссиясына жетелейсиң?
Өткөн заманда бир Алексей Ухтомский деген физиолог болгон, анын доминанта тууралуу окуусу бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу. Эгерде ким бирөөнүн аң-сезимине кайсы бир идея, баалуулук үстөмдүк кылып алса, аны өзгөртүү аябагандай кыйын экенин айткан. Өтө кыйын иш экен. Анын сыңарындай, “ар кайсы жакта жүргөн” кесиптештерди бириктирүү үчүн доминантты өзгөртүү керек. Менимче, бул мүмкүн эместей. Андан көрөкчө жаштарды тарбиялаш керек. Туура келечекти түзүү үчүн ошондой туура доминанта керек. Бул көп эмгекти, жалпы аракеттерди талап кылган зергердик иш, бирок зарыл иш. Жаштарды тарбиялаш керек, башка жолду көрбөй турам.
Бийликчил жана эркин медианын өкүлдөрүндө кесиптик, идеялык жана моралдык-адептик карама-каршылык жашап келет. Акаев учурунда да өз ара “салгылашуулар” болгон, кийин да ошол уланды, азыр да бар жана мындан кийин да боло бериши мүмкүн. Муну токтотуу үчүн же өкмөттүк медиалар же эркин медиа түп-тамырынан жоголушу керек. Башка бардык өзүн сыйлаган демократиялуу, ачык коомду жактаган өлкөлөрдө бийликтин же мамлекеттин менчигинде турган медиа жок. Эгер болуп калса да, аларда өкмөттүн көзөмөлү ушунчалык минималдуу дейсиң, эркин медиадан эч бир айырмасы жоктой. Эгер ЖМКлар арасындагы кандайдыр бир карама-каршылыктар болсо, анда тигил же бул маселенин алкагындагы полемика катары гана каршылык болушу мүмкүн.
Мен монголдорго суктанган жайым бар. Алар 2004-жылдан баштап өкмөттүк ЖМКлардан баш тартышкан. Азыр борбордо да, аймактарда да эркин медиа иштеп жатат. Эч кандай көйгөй жок, кала берсе өкмөттүк маалымат саясаты да аксап калган жери жок. Деги эле өкмөттүк ЖМКлар жок өлкөлөрдө өкмөттүк маалымат саясаты эмнегедир күчтүү жана системалуу. Анткени ал жактарда өкмөттүн же анын жетекчилеринин эмес, адам укугу жана эркиндиги, мыйзамдуу кызыкчылыктар маанилүү. Коомдук көзөмөл башкы орунда турат.
Дал ошол жактарда ЖМКнын ээси ким экенине карабай журналисттердин кесиптик тилектештиги бекем. Эркин эмес, мамлекеттик көзөмөл күчтүү жактарда таптакыр тескерисинче.
Ошентип, азыркы биздин кырдаалды тамырынан оңдош керек.
Анан калса, азыркы дүйнөдө, анын ар кайсы өлкөлөрүндө жапайы, адеп-ахлактан алыс кеткен жүзүкара пропаганда күчөп кетти. Миллиарддаган акча калпты жайылтууга, дезинформацияга сарпталууда. Бул көрүнүш жаңы технологиялардын, жасалма интеллекттин доорунда ого бетер күчөй бериши турган кеп. Мына ушундай коркунучтуу чакырыктар жана күтүүлөр кырдаалында журналистиканын ого бетер күчөшү, бекемделиши, чабуул коюучу аракеттери абдан зарыл.
Бирок кесиптик тилектештик жетишсиз, чыныгы журналистика миссиясынан тайган кырдаалда, кесиптик маргиналдашуу тереңдеген маалда журналистика андай перспективага туруштук бере албайт. Кесиптик тилектештик ушундайда керек эле. Акыбал абдан тынчсызданууну пайда кылып турат.
Бирок... кантсе да бир үмүт бар, анткени коом алдамчылардан, аферисттерден, пропагандадан жана бүлүк салган идея-аракеттерден тажайт, чындык, ак ниеттик жана адилеттик өкүм сүргөн ачык коомду эңсеп калат, чыныгы журналистиканын кайра келишине баары бир жол ачылат. Аны көп күтө бербей, биз өз аракетибизди жүргүзө беришибиз керек. Жаштарды чыныгы журналистиканын баалуулуктары менен тарбиялап, ачык коомдун, адилет коомдун пайдубалын түзүүбүз керек. Кыйын, бирок мүмкүн.