Израил Газада "гуманитардык зонаны" кеңейтип жатканын кабарлады

Газа секторунда 11-ноябрга караган түнү Израилдин соккуларынан дагы 11 кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги билдирди. 


Анклавдын борбордук бөлүгүндөгү Нусейрат качкындар лагерине абадан чабуул жасалганы, каза болгондордун жетөө ошол жерде экени, калган төртөөнүн өмүрү Бейт Лахия шаарында үзүлгөнү маалымдалды.


Израил Газада мурдагы мектептин имаратында жашынып отурган жеринен ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тарапташы "Ислам жихады" тобунун командири Мохаммад Абу Схаилди жок кылганын кабарлады.


Сектордун Жабалия шаарындагы үч оорукананы бир нече аптадан бери израилдик аскерлер көзөмөлдөөдө, дарыгерлер ал жактан чыгып кетүүгө каршы болуп, азык-түлүктүн, медициналык каражаттардын жетишсиздиги көйгөй жаратып жатканын айтууда. Израил ХАМАС жайкын тургундарды өзүн калкалоо үчүн колдонуп жатат деп айыптоодо.




Дүйшөмбү күнү Израил Газадагы "гуманитардык зонаны" кеңейтүүгө киришкенин жарыялап, ал жерге көбүрөөк чатыр тигүүгө, азык-түлүк жана медицина каражаттарын алып керүүгө уруксат берилерин билдирди.


Былтыр октябрда бир күндө миңден ашуун кишиси өлтүрүлгөн, дагы жүздөгөн кишисин барымтага алып кетишкен окуядан кийин Израил палестиндер жашаган Газа секторунда ХАМАС тобуна каршы согуш жарыялаган. Согушту токтотуу аракеттери майнап бере элек. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын бийлиги ошондон бери анклавда 43 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылганын билдирүүдө. Израил жайкын тургундарга эмес, террорчуларга каршы күрөшүп жатканын айтууда. (RK)




 

Читайте на 123ru.net