Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт

20-ноябрда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондордо карга айланат.


Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.



Абанын температурасы:



Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 8…13



Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12



Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15



Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10



Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6



Бишкек шаарында түнкүсүн ала булут каптап турат, жаан-чачын ыктымалдыгы аз, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 11…13° жылуу болот.

Читайте на 123ru.net