Новости пользователей сайта

Посредник строймафии Козимжон Алимов должен оплатить причиненный государству и дыйканам ущерб в особо крупном размере

Посредник строймафии Козимжон Алимов должен оплатить причиненный государству и дыйканам ущерб в особо крупном размере

Кыргыз Республикасынын Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапровго

КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке

                                                                         

АЧЫК КАТ

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Ош шаарынын курамына жакында кирген Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургундары негизинен дыйканчылык менен алек. КР Өкмөтүнүн 22.08.1994 ж.№632 токтому менен жер үлүштөрү ажыратылып, жер үлүштөргө болгон жеке менчиктери Кадастр органдарында катталган. Бирок, Ош шаарынын курамына киргенден кийин Ош облусунун губернаторунун 1 орун басары К.Г. Айтибаев жана Ош шаарынын кеңешчиси С. Аманова дыйкандарды чогултуп: “Жер үлүштөрүнүздү бериңиздер, КР Президентини С.Н. Жапаровдун тапшырмасы боюнча бул жерде мамлекет ипотекалык көп кабаттуу үйлөр курат”-деп дыйкандардын менчигиндеги жер үлүштөрүн арзан баада сурап жатышты. КР Президенти С.Н. Жапаров менен жамынышып, мыйзамсыз талап менен дыйкандардын менчигиндеги жер үлүштөрүн мажбурлоо жолу менен, натыйжада мамлекет эмес, жеке курулуш компания арзан баада сатып алган. Бирок, бул аракеттер мыйзамсыз, себеби:

1. Мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтируу максатында жеке курулуш компаниясынын ортомчусу Алимов Козимжон Ош шаардык салык инспекциясында карызы жок деген маалымкатты дыйкандарга ортомчулук кылып алып берип, анан Ош шаардык Кадастр башкармалыгында дыйкандардын үлүш жерлерин курулуш компаниясы менен аффирленген жеке жактарга каттатып, жеке курулуш компаниясынан ортомчулук кызматтары үчүн мыйзамсыз төлөмдөрдү ар бир сотикке 50 доллардан алат (?). Ал ортомчулук төлөмдөрү үчүн мамлекетке салык жана төлөмдөрдү төлөбөй, көмүскө экономика кылмыштарын жасап, мамлекет эсебинен мыйзамсыз байып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген (КР КЖК 340, 242 бер. 2 б.).

2. К. Алимовдун ортомчулук мыйзамсыз аракеттерин далилдөө максатында Ош шаардык салык инспекциясында, ОшшаарКадастрда, “Бизнес хаус” курулуш компаниясынын Бешкапа көчөсүндөгү офисинен видеобайкоо камералардын записьтерин тергөөгө алуу зарыл жана дыйкандардан көрсөтмө алып, ал келтирген өзгөчө ири өлчөм зыянды мамлекетке кустуруу зарыл.

3. К Алимов Ош шаардык кеңеши депутаттык кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, “Бизнес хаус” жеке курулуш компаниясына лоббистлик жасап жана алардын курулуш долбоордорун архитектура, курулуш, Ош шаардык мэриясында коргоп, коштоп, кызмат адамы ишкердик ишти ар кандай формада жүзөгө ашырса же башкарууга жеке өзү же болбосо ишенимдүү же аффилирленген жак аркылуу катышса, эгерде бул жосундар мындай уюмга жеңилдиктерди, артыкчылыктарды берүү же ага башка формадагы колдоо көрсөтүү менен байланышса, коомго жана мамлекетке олуттуу залал келтирген (КР КЖК 341 бер.)

4. Жеке курулуш компания тарабынан айыл чарба багытындагы суулу 72 га жер трансформацияланбай, жер мыйзамдарын одоно бузуп, жердин кээ бир жерлери түшүмдүү катмары мыйзамсыз атайын жараксыз абалга келтиришкен (порча почвы), сугат жерлерин айыл чарбалык жүгүртүүдөн атайылап жараксыз абалга келтирүү жана анын максаттуу багытын кийин өзгөртүү үчүн жер участогунун бүтүндүгүн бузуп жана айыл чарба категориясындагы жерге өзүм билемдик менен шагыл тогушуп, жол курушкан (КР КЖК 212, 2122, 214, 306 бер.).

5. Жеке курулуш компаниясы артында чоң коррупционерлер болгондуктан, кызмат адамдары жогоруда аталган жер мыйзамдарын бузууну алдын алуу аракеттерин жасай алышкан эмес.

6. Экология органдарынын уруксатысыз жеке курулуш компания тарабынан өзгөчө баалуу дарактардын түрлөрү, тыттар, бак дарактар мыйзамсыз кесилип, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө он миллион сомдогон  зыян келтиришкен (КР КЖК 298 бер. 2 бөл., 303 бер. 2 бөл, 308 бер.).

7. КР Президенти эч качан карапайым дыйкандардын менчигиндеги жер үлүштөрүн арзан баада алып, карапайым элдин нараазылыгын пайда кылышсын деген тапшырмасы жок.

8. УКМК төрагасы К.К. Ташиев: “Коррупционерлер басып алган ондогон гектарлап жер тилкелерди мамлекет менчигине кайтарып, ал жерлерде карапайым элге берүүнү убада кылган. Бирок, К.К. Ташиев карапайым дыйкандардын 20-40 сотик менчигиндеги айыл чарба багытындагы сугат жер үлүштөрүн арзан баада алуу боюнча тапшырма берген эмес.

9. “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарына ылайык айыл чарба багытындагы сугат айдоо жер тилкелерди трансформациялоого тыюу салынган.

10. Алтын менен барабар сугат айдоо жерлер Кыргызстанда өтө аз болуп, курулуш мафиясы тарабынан мамлекет эсебинен мыйзамсыз баюу жана жеке пайда табуу максатында суулу жерлерге болгон аёөсүз мамилеси Кыргызстандын азык-туулук коопсуздугуна чоң коркунуч жаратып жатышат.

11. КР Конституциясынын 15 бер. 2 бөл. ылайык Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылбайт. Мурастоо укугу кепилденет. Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга мыйзамда белгиленген тартипте соттун чечими менен гана жол берилет. КР Конституциясынын 30 бер. 1,2 бөл. ылайык Ар бир адам өзүнүн менчигинде же башка укуктук ээлигинде турган башка объекттеринин кол тийгистигине укуктуу. Эч ким ээсинин эркинен каршы алар пайдаланып турган башка объекттерине кире албайт. Алып коюу, кароо жүргүзүүгө жана башка аракеттерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле бийлик өкүлдөрүнүн жеке менчик же башка укуктук ээлигиндеги турак жайга жана башка объекттерге кирүүсүнө сот чечиминин негизинде гана жол берилет.

12. Дыйкандардын жер үлүштөрү КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген ЮНЕСКОнун “Сулайман-Тоо” дүйнөлүк мурас эстелигинин буфер аймагында жайгашкан. Буфер аймагында курулуштар 4 кабаттан ашпоого тийиш жана бул аймак ЮНЕСКО менен КР Маданият министрлиги тарабынан коргоолот. Эгерде “Сулайман-Тоо” дүйнөлүк мурас эстелигинин буфер аймагы өзгөртүлса, ал өзгөртүүлөр ЮНЕСКО менен макулдашылып, анан кийин өзгөрөт. Бирок, ЮНЕСКО менен эстеликтин буфер аймагы өзгөртүлбөй, курулуштар 4 кабат эмес, 24 кабат болуп долбоордо көрсөтүлгөн, курулуш компаниясынын мыйзамсыз аракеттери натыйжасында Юнеско “Сулайман-Тоо” эстелигин дүйнөлүк мурас тизмесинен чыгарат

13. Ош шаары активдүү сейсмикалык аймак болуп эсептелет. Курулуш мафиясы тарабынан жеке пайда табуу максатында 22-24 көп кабаттуу курулуштар куруу бул мамлекетке жана жарандарга диверсия катары баалап, кылмыш жоопкерчиликке тартуу зарыл. Себеби, курулуш мафиясы чоң акчаны таап, качып кетет, Туркияда болгон жер титирөө муну далилдеген.

14. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын башкы планы, Кызыл-Кыштак аймагы Ош шаарынын курамына кирбей туруп, Ош шаардык кеңеши тарабынан 27.12.2023 ж. бекитилген. Бирок, Кызыл-Кыштак айыл аймагынын башкы планы Кызыл-Кыштак айыл аймагынын жашоочууларынын макулдугусуз жана коомдук угууларсыз өзүм билемдик менен бекитилген. Бул болсо келечекте элдин нааразылыгын жасалма жол менен пайда кылат. Азыркы убакытта Кызыл-Кыштак ПДПсын бекитуу үчүн үшундай мыйзамсыз аракеттер болуп, коомдук угууларсыз бекитуу аракеттери болуп жатат. Бул болсо карапайым элдин жашоосуна ыңгайлуу шарттар тузуу үчүн эмес, курулуш мафиясы үчүн гана ыңгайлуу болуп жатат.

15. Менчиктеги үлүш жерлерге Кадастрда чектөө коюлган. Бирок, КР АПК, ЖПК талаптарына ылайык жарандардын менчигине чектөө сот жана кылмыш иш алкагында тергөө органдары тарабынан коюлат. Менчиктеги жер үлүштөрдү арзан баада ээлеп алуу максатында кызмат адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, мыйзамсыз чектөөлөр коюлуп, КР Конституциясы коргогон менчик укуктары тебелеп-тепселген. Бирок., жер жана курулуш мафиясы жер үлүштөрдү курулуш мафиясы менен аффирленген жеке жактарга каттатып жаткан мезгилде чектөөлөр алып салынган. Бул коррупциялык схемага тергөө укуктук баа берүүсү керек.

16. Ош облусунун губернаторунун 1 орун басары К.Г. Айтибаев жана Ош шаарынын кеңешчиси: “Үлүш жерлер КР Мамлекеттик ипотекалык компанияга берилет”-деп убада беришкен. Бирок, факт жүзүндө үлүшчүлөрдүн үйлөрүнө жеке менчик курулуш компаниясынын өкүлдөрү келишип: “Бизге жер үлүштөрүнүздү сатыңыздар, болбосо мамлекет арзан баада алып коёт”-деп коркутушуп, жер үлүштөрдү арзан сатып алып, нотариустан ишеним каттарды жаздырышкан. Бирок, жеке курулуш компаниясына Кадастрдагы чектөөлөр иштебей жатат. Бул болсо алдамчылык жолу менен дыйкандардын жеке мүлктөрүн рейдерлик жолу, өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алууну уюштуруп, жетектеп, алдоо же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу (КР КЖК 226 бер. 3 бөл) кылмыш деп квалификациялоо керек.

17. Ош шаарында курулуш компаниялар тарабынан мурда курулган көп кабаттуу үйлөр өзүм билемдик менен курулгандыктан кылмыш иштер козголгон, бирок курулуш мафиясы сотторго пара берип, мыйзамсыз курулуштарды мыйзамдаштырып, айыпкерлер эркиндикте тайрандап жүргөндүктөн, эми дыйкандардын жер үлүштөрүн арзан баада ээлеп алуу максатында мыйзамсыз, рейдерлик аракеттерди жасап жатышат.

18. Алтын менен барабар менчиктеги жер үлүштөрдү мыйзамсыз арзан баада алдамчылык жолу менен ээлеп алуу максатында баалоочу менен алдын ала сүйлөшүп, Ош шаарынын борборунда жайгашкан айыл чарба багытындагы сугат жер үлүштөрдү айыл чарбага жараксыз деп жалган, жасалмачылык маалыматтарды жаздырышы мүмкүн, арзан баада баалоо отчётун жаздырышат. Бул болсо Кызматтык жасалмачылык, башкача айтканда кызмат адамы тарабынан расмий документке билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү, ага тете расмий документке анын анык мазмунун бурмалаган оңдоолорду киргизүү, эгерде бул аракеттер пайда табуу, мыйзамсыз баюу же башка жеке кызыкчылыктардан улам жасалса, менчик ээсин өзгөртүү максатында жасалган. Бул кылмышы боюнча жеке баалоочу дыйкандарга келтирген зыянды кустурулушу зарыл.

19. Айыл жергесинде карапайым эл жер үлүштөрүн иштетип тирилик кылат жана иш менен камсыз болуп, пенсияга чыгып жатышат. Жер үлүштөрздү алып койгону, бул алардын иш орундарын жок кылып, карапайым эл арасында ишсиздикти жаратып, миграцияны күчтөндүрөт. Бир-эки коррупционер мамлекет эсебинен мыйзамсыз баюу үчүн жүздөгөн үй-бүлө ишсиз, тириликсиз калышы бийликке болгон ишеничин азайтуу максатында кылынган диверсия.

20. КР Жогорку Кеңешинде Мамлекеттик ипотекалык компаниясы боюнча көп сын пикирлер айтылып, МИК текшерууу боюнча КР ЖК депутаттык комиссиясы түзүлдү. КР ЖК депутаттык комиссиясы Кызыл-Кыштактагы рейдерлик, алдамчылык жолу менен жүздөгөн карапайым дыйкандардын 72 га жер үлүштөрүн арзан баада ээлеп алуу фактысын текшерип, УКМК органдарына өткөрүп, конституциялык укук-дыйкандардын жеке мүлктөрүн коргоп берүүсү зарыл

21. Курулуш мафиясы жогорку кызматтагы кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, бутум боюнча дыйкандардын жер үлүштөрүн арзан баада бир сотигин 291 доллардан 400 долларга чейин алышкан. Ушул эле учурда Ош шаарында ошол жердеги 1 сотик жерлерди базар баасы 40 миң доллардан тартып 60 миң долларга чейин алды-сатты болуп жатат. Курулуш мафиясынын жана аларды крышевать кылган кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө 357 миллион доллар зыян келтиришкен. К.К. Ташиев коррупционерлер, курулуш мафиясы арзан баада, ит бекер басып алган ондогон гектар жерлерди мамлекетке кайтарып жатат. Курулуш мафиясы алдамчылык жолу менен ит бекерге ээлеп алган 72 гектар жер мамлекеттик менчикке сөзсүз кайтарылышы шарт.

22. Албетте мындай мыйзамсыз аракеттерге Президент менен жамынган кызмат адамдары жасоо үчүн жардам беришкен. Бирок, КР Президенти С.Н. Жапаров: “Эгерде кызмат адамдары мыйзамсыз аракеттерди жасашса, элдин нааразылыгын пайда кылышса, алар сөзсүз камалат. Эгерде мыйзамсыз аракеттерди менин атымды сатып жасашса, менин бир тууганым болсо дагы, мен аны өзүм сөзсүз каматам”-деп айткан. Ошондуктан карапайым эл коргоого муктаж. 

23. Жеке курулуш компаниясында үлүшү бар- деп Азамат Арапбаев жана башка аткаминерлер айтылып, алар Президентке кирип, аны алдаган болушу мүмкүн - деген шектер бар. Алар тергөөдө аныкталышы зарыл. Рейдерчилердин мыйзамсыз аракеттери натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө 357 миллион доллар зыян келтирилген. Жогоркулардын негизинде Сизден суранам:

1. Курулуш мафиясын, рейдерчилерди, ортомчу К. Алимовду жана жеке баалочуну кылмыш жоопкерчиликке тартуунузду.

2. Курулуш мафиясы, рейдерчилер тарабынан ит бекерге алынган базар баасы 360 миллион долларлык 72 гектер сугат айдоо жер тилкени мамлекет менчигине кайтаруунузду.

3. Мамлекеттик ипотекалык компания боюнча түзүлгөн КР ЖК депутаттык комиссиясын Ошко жөнөтүп, мен менен жолуктуруунузду.

4. КР Президенти жана УКМК төрагасы Ошко келгенде дыйкандар жана мен менен жолугушуп, коргоога алуусун, ага чейин рейдерчилердин аракеттерин токтотуп, тергөөнү КР Башкы Прокуратурасы жана КР УКМК борбордук аппаратарына тапшыруунузду, себеби Ош шаарынын укук коргоо органдарын курулуш мафиясы акча менен сатып алат.

5. Жер мамлекетке кайтарылгандан кийин ал жерге жеке менчик курулуш компанияларын жакындатпай, мамлекет өзү пайдаланып, дыйкандарды ыраазы кылсын - деген тапшырма берип, көзөмөлгө алуунузду.

6. Тергөө укуктук баа берүүсүнө чейин, курулуш мафиясынын мыйзамсыз аракеттерин токтотуп, суулу жер трансформацияланбай, долбоор КР Министрлер Кабинети тарабынан бекитилбей, күнөөлүлөргө келтирген зыянды төлөтүүнүздү.

7. КР Маданият министрлиги жана ЮНЕСКОнун атайын комиссиясын Ош шаарына жөнөтүп, “Сулайман-Тоо” эстелигинин буфер аймагына келтирилген зыянды аныктап, кустуруунузду.

Эгерде рейдерчилер жерди мамлекетке кайтарбай, жоопкерчиликке тартылбай калса, КР Президентине, КР УКМК, Юнескога кайра кайрылууга аргасыз болом.

 

Курулуш мафиясынын жана ортомчу К. Алимовдун курмандарынан

 

Р.S. Эгерде мен менен, менин үй-бүлөөм менен, менин жеке мүлкүм менен бир нерсе болсо, курулуш мафиясын жана аларды крышевать кылган кызмат адамдарын айыптуу деп эсептөөнүздү суранам. Себеби, менин үйүмдүн чатырыда маскачан белгисиз адам жүргөнүн коңшум көргөн экен. Ошондой эле, курулуш компаниясынын өкүлү Алимов Козим педагогикалык этикасын бузуп, мени жаман аттүү кылып, ар-намысыма, аброюма, ишмердик беделиме шек келтирип, каргап, өлүм тилеп, кара дуба кылыныздар - деп эл арасында кастыкты (араздашууну) козуткан (КР КЖК 330 бер. 2 бөл.) жана менин өмүрүмө чоң коркунуч жараткан.

Читайте на 123ru.net